Бишкекте орусиялык активист Лев Скорякин уурдалганы айтылды

Орусиялык активист Лев Скорякин. Сүрөт: Интернеттен алынды

Бишкек шаарында Орусиядагы «Солчул блок» кыймылынын активисти Лев Скорякин белгисиз адамдар тарабынан уурдалды. Бул тууралуу 18-октябрда бир катар басылмалар укук коргоочуларга таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-октябрга караган түнү Скорякин жашаган баш калкалоочу жайга эки унаада он адам келген. Алар өздөрүн «ИИМдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлерибиз» деп тааныштырып, активистти белгисиз тарапка алып кетишкен.

Аны менен катар, DOXA басылмасы 13-октябрь күнү Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келер алдында дагы Скорякин кармалып, эки сааттан кийин бошотулганын маалымдады.

«Ошол эле учурда анын орус паспортун алып коюшуп, Путин кеткенден кийин кайтарып берүүнү убадалашкан болчу. 16-октябрда ал уурдалган учурда Левде Орусиянын ички паспорту болгон эмес», — деп белгилешти журналисттер.

Активист Кыргызстанда алгачкы жолу быйыл июнь айында кармалган. Кийин Скорякин сентябрда Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын экстрадициялоодон баш тартуу чечиминин негизинде абактан бошотулган. Скорякин баш паанек сураганына байланыштуу Башкы прокуратура аны Орусияга экстрадиция кылуудан баш тарткан.

Буга чейин Орусиялык саясий активист Алёна Крылова да башпаанек сураган. Орусияда ал орус бийлиги экстремисттик деп тааныган «Солчул каршылык» кыймылынын мүчөсү болгон. Өз мекенинде Крылова жана дагы беш адам экстремисттик коомчулукту түзүү боюнча козголгон кылмыш ишинде айыпталуучу деп табылган. Учурда Крылова Бишкектеги ТИЗО-1де кармалууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Орусиялык активист Алёна Крылова 4-октябрга чейин камакта калды