Орусиялык активист Алёна Крылова 4-октябрга чейин камакта калды

Бишкектин Биринчи май райондук соту орусиялык активист Алёна Крылованын бөгөт чарасынын мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматы билдирди. 

Сот чечимине ылайык, Крылова Бишкектин ТИЗО-1де 4-октябрга чейин камакта болот. Сот буга чейин дагы анын камакта кармоо мөөнөтүн июлдан сентябрга чейин узарткан болчу.

Крылованын кармалышы

Орусиялык саясий активист Алёна Крылова 4-июнда кармалган. Бирок анын кармалганы 11-июнда араң, Орусиянын Sota басылмасы жазып чыкканда белгилүү болгон.

Басылма Крылова Бишкектин борборунда сейилдеп жүргөндө кармалганын жазган. Активист Орусияга депортацияланашы ыктымал, ал жакта ага «экстремисттик коомчулукту түзүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Sota медисынын маалыматына ылайык, Крылова Орусиядагы «Адам укуктары үчүн» кыймылынын мурдагы басма сөз катчысы жана орус бийлиги экстремисттик деп тапкан «Солчул каршылык» кыймылынын мүчөсү.

Кыргызстанда Крыловага чейин атайын кызмат тарабынан башка дагы орусиялык активисттер кармалган. Мисалы, июнь айында Орусияда аскер комиссариатын өрттөгө айыпталган согушка каршы активист Алексей Рожков Кыргызстандан чыгарылганы белгилүү болгон.

Ошол эле айда Бишкекте Орусиядагы «Левый блок» коомдук кыймылынын активисти Лев Скорякин кармалган. Орусияда ага ФСБнын Москванын түштүк-батыш округу боюнча бөлүмүнүн алдында нааразылык акциясын өткөргөнү үчүн кылмыш иши козголгон.