Мадумаровдун соту жабык өтүп, ал абакта калтырылды

18-октябрда Биринчи Май райондук сотунда депутат Адахан Мадумаровдун иши боюнча алдын ала соттук угуу өттү. Сот иштин «купуялуулугуна» байланыштуу жабык өтүп, процесске анын жактоочулары гана киргизилди.

Жыйында Мадумаровдун адвокаттары эл өкүлүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүштү. Бирок сот өтүнүчтү четке кагып, Мадумаровду камакта калтырды.

«Процесс бир тараптуу өттү. Биздин бардык өтүнүчтөрүбүздөн баш тартышты. Сот бизди уккан жок», — деп билдирди жактоочу Ольга Жукова.

Жукова соттун бул чечимине каршы арызданарын кошумчалады. Мадумаров өзү аны жыйындар залынан алып чыгып баратышканда «уят» деп кыйкырды.

Кийинки отурум 30-октябрь саат 10:00гө белгиленди.

Мадумаровдун кармалышы 

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрда ИИМ тарабынан кармалган. Ага 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айып тагылган. Сот саясатчыны 24-октябрга чейин УКМКнын ТИЗОсуна камакка алган. 

Саясатчынын иши Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкеси тууралуу протоколго байланыштуу. Ошол жылы Мадумаров Ош — Баткен — Исфана жолун жана көпүрө куруу үчүн Тажикстандан 5 гектар жерди ижарага алуу тууралуу протоколго кол койгон.  

Мадумаров өзү аталган документтин юридикалык күчү жоктугун айткан, ал эми президент Садыр Жапаров протокол күчкө ээ болгондуктан тажик тарап Төрт-Көчөнү талашып жатат деп билдирген. 

2023-жылдын июнунда Жогорку Кеңеш башкы прокурордун сунушу менен Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Анда Мадумаровго 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кой койгону үчүн («Бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча) жана Кемпир-Абад иши боюнча («Бийликти күч менен басып алуу» жана «Массалык башаламандыктар» беренелери) боюнча айыпталган.  

Кармалганга чейин Мадумаров азыркы бийликти Конституцияны жана жарандардын укуктарын бузуп атканы үчүн сындап жүргөн.

Буга чейин, 26-сентябрда «Мамлекеттик чыккынчылык» айыбы тагылган, абактагы депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтары Өзгөндүн Куршаб айылында бийликке кайрылуу үчүн «Чынар» сейил багына чогулган. Алар саясатчыны бошотууну талап кылышмак.

Бирок милиция коомдук жайларда нааразылык акциясын, митинг өткөрүүгө тыюу салынган деген жүйө менен чогулгандарды таратып жиберген. Ага чейин бул тууралуу кабарланган эмес.

10-октябрда кылмыш иши тергелип бүтүп, учурда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мадумаровдун жүрөгүнө тез арада операция жасалышы керектиги айтылды

Мадумаровдун адвокаты депутат дагы бир иш боюнча ИИМге сурак бергенин айтты

Мадумаровдун тарапташын куралчан бирөөлөр кармап кетишкени айтылууда