Иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин караган судья Акылбек Адимов камакка алынды

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов 17-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Маалыматты «Клоопко» 21-октябрда Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.

Kaktus.media басылмасы өздүк булагына таянып Адимов 1 200 доллар пара алууга шектелип кармалганын жазып чыкты.

«Алдын ала маалымат боюнча, Адимов баңгизатын саткан кишиге жазадан качууга жардам берип, эркинен ажыратпаган өкүм чыгарган. “Баңгизатты сатуу” беренеси менен козголгон ишти “Баңгизатты сактоого” өзгөрткөн. Андан соң бир жыл пробациялык көзөмөл дайындаган», — деп жазылган макалада.

Бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

39 жаштагы Акылбек Адимов коомчулукка өткөн жылы өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин караган судья катары белгилүү.

Ал журналистти баңгизатты сактоо жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү иши боюнча актап, аскердик билетти жасалмалоо боюнча күнөөлүү деп тапкан.