Президент дагы бир тик учак Өзбекстанда оңдоп-түзөөдөн өткөнүн билдирди

22-октябрда президент Садыр Жапаров Аскер тик учактар паркындагы МИ-8МТВ тик учагы Өзбекстанда капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, колдонууга берүүгө даярдалып жатканын билдирди.

Өлкө башчысы 2021-жылы Өзбекстан кайтарымсыз жардам катары жаңы тик учак бергенин айтып, ошондо эски тик учакты коңшу өлкөнүн «Чирчик авиациялык оңдоп-түзөө заводу» алып кеткенин белгиледи.

«Ремонт иштерин гуманитардык негизде Өзбекстандын Коргоо министрлиги толугу менен мойнуна алган. Мунун баары, албетте, Өзбекстандын президенти, урматтуу Шавкат Мирзиёевдин колдоосу жана көзөмөлү астында болду. Буга байланыштуу, Шавкат Миромоновичке терең ыраазычылык билдирем», — деди ал.

Буга чейин Жапаров алты жылдан бери бузук турган тик учак Беларуста оңдолгонун билдирген. Ал учакты капиталдык оңдоодон өткөрүүгө Беларустун президенти Александр Лукашенко жардам бергени айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Лукашенко көзөмөлүнө алып». Жапаров 6 жылдан бери бузук турган тик учак Беларуста оңдолгонун айтты