УКМК: Токмокто милиционер зордуктоо иши боюнча пара алып жатканда кармалды

Токмок шаардык милициясынын кызматкери, милициянын улук лейтенанты 178 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 24-октябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган кызматкер арыз ээсинин уулун зордуктоо иши боюнча козголгон кылмыш ишинде жоопкерчиликке тартпоо үчүн 2000 доллар акча талап кылган.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда аталган ишке тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланып жатканы кошумчаланат.

21-октябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалган. Биринчи май рйондук соту аны 17-декабрга чейин камакка алган.

Ал эми 17-октябрда Ленин райондук сотунун судьясы 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ошондой эле ортомчу катары иш алып барган судьянын консультанты жана жакын досу да колго түшүрүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин караган судья Акылбек Адимов камакка алынды

УКМК: Ленин райондук сотунун судьясы 2 миң доллар пара талап кылып жатканда кармалды