Сот президенттин инисин үй камагына чыгарды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-октябрда президент Садыр Жапаровдун аталаш иниси Улан Жапаровго карата баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматынан билдиришти.  

Сот ИИМдин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, шектүүнү тергөө маалында убактылуу 26-ноябрга чейин үй камагына чыгарды.  

Улан Жапаровдун кармалганы тууралуу 2023-жылдын 6-июлунда белгилүү болгон. Ал бажыдагы коррупция иши боюнча кармалганы кабарланган. 

Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президенттин тууганынын кармалышын «өлкөдөгү сот адилеттигинин көрсөткүчү» деп атаган.  

Мурдараак президент өзү дагы коррупцияга шектелип кармалган иниси боюнча комментарий берип, «азыр заман башка, баарына бирдей мамиле болот» деп белгилеген.

«Менин иним эле деп камабай койсом башка инилерим да аралаша баштайт да. Кыргызда жакшы сөз бар: "Бирге жаза, миңге сабак"», — деп айткан Жапаров 24-июлда «Кабар» агенттигине курган маегинде.