Бишкек — Ош унаа жолунда 32 жаштагы жаранды өлтүүрүгө шектүү катары эки киши кармалды

Бишкек — Ош унаа жолунда 32 жаштагы жарандын жансыз денеси табылып, аны өлтүрүүгө шектүү катары 29 жана 35 жаштагы эки киши кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 27-октябрда Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак РИИБге 40 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал 17-октябрда Сузак району аркылуу өткөн Бишкек — Ош автожолунун боюнда 32 жаштагы бир тууган инисинин жансыз денеси табылганын билдирген. Аял иниси эмне себептен каза болгонун аныктап берүүнү, эгерде киши колдуу болсо кылмыш жасаган атуулдарга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. 

Бул окуя Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары Ноокен районунун 29 жана Баткен районунун 35 жаштагы тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Үстүбүздөгү жылдын, 6-августка караган түнү Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы «Алтын кум» пансионатында эс алууга келген 23 жаштагы жигит каза болгон

ТЕМА БОЮНЧА:

Бостери: «Алтын кум» пансионатында 23 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Териштирүү башталды