Ош: Ноокаттын мэри Таалайбек Тезекбаев кызматтан кетти

Ош облусундагы Ноокат шаарынын мэри Таалайбек Тезекбаев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Маалыматты «Клоопко» 27-октябрда Ноокат районунун акими Данияр Иманалиев тастыктады.

Тезекбаев кызматтан бошотуу тууралуу арызын 23-октябрда жазган. Буйрукка 25-октябрда кол коюлду.

Буга чейинки мэр Улан Турганбаев 18-апрелде өз арызы менен кызматтан кетип, ордуна  Тезекбаев дайындалган. Тезекбаев ага чейин Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Талас, Каракол, Токмок, Ноокат жана Кара-Суу шаарларына жаңы мэр дайындалды

Ноокат шаарынын мэри Улан Турганбаев өз каалоосу менен кызматтан кетти