Жалал-Абадда кызамык оорусуна байланыштуу эки мектеп аралыктан окууга өткөрүлдү

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусундагы №2 К.Закиров атындагы жана №7 А.Усманов атындагы эки мектеп кызамык оорусуна байланыштуу аралыктан окууга өткөрүлдү. Бул тууралуу 30-октябрда Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кырдаалга байланыштуу Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгына эмдөөдөн баш тарткан же бир жолку эмдөө алган окуучулардын санын тактап, ар бир мектеп жана бала бакчаларда эмдөө жана медициналык кароодон өткөрүү үчүн өзүнчө бөлмөлөрдү уюштуруу милдети тапшырылды.

Жыл башынан бери кызамык менен 1982 адам ооруду, алардын 147си чоңдор жана 1835и балдар, балдардын ичинен  4 жашка чейинки 1454 бала катталган. Ошондой эле Бишкек жана Чүй облусунда кызамык оорусу өтүшүп кеткендиктен үч жана бир жаштагы эки бала көз жумган.

Министрлик өлкөдө кызамык менен ооругандардын саны өскөнүнө байланыштуу балдарды эмдетүүгө чакырган.

Ооругандардын көпчүлүгү Ош облусунда — 635 адам, Бишкек шаарында — 485 адам, Ош шаарында — 296 адам катталган.

Аны менен катар, балдар арасында өсүп жаткан кызамык жана кызылча менен күрөшүү демилгесинин алкагында быйыл илдетке каршы 755,5 миң доза вакцина алып келинип, эмдөө иштери 18-сентябрдан башталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кызамыктан эки бала көз жумду. Министрлик алар эмдөөдөн өтпөгөнүн билдирди

Кыргызстанга кызылча-кызамыкка каршы 755,5 миң доза вакцина алып келинди

Өлкөдө кызамык менен ооругандардын саны өстү. Министрлик балдарды эмдетүүгө чакырды

Эмне үчүн сөзсүз түрдө эмдөөдөн өтүү керек? Түшүндүрөбүз