Кыргызстанга кызылча-кызамыкка каршы 755,5 миң доза вакцина алып келинди

Иллюстративдик сүрөт. Булак: Getty Images

Өлкөдө балдар арасында өсүп жаткан кызамык жана кызылча менен күрөшүү демилгесинин алкагында илдетке каршы 755,5 миң доза вакцина алып келинди. Бул тууралуу 12-сентябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, вакциналарды өткөрүп берүү боюнча иш-чарага аталган министрликтин, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү катышты.

Кызылча-кызамык вакцинасы — бул кызамык жана кызылчага каршы тирүү лиофилизацияланган (кургак) аралаш вакцина. Бул вакцина менен 9 айдан 7 жашка чейинки балдар эмделет. Иммунизация убактылуу эмдөө пункттарында, саламаттык сактоо уюмдарында жана билим берүү мекемелеринде уюштурулат. Балдарды эмдөө 18-сентябрдан башталат.

Жыл башынан бери кызамык менен 1982 адам ооруду, алардын 147си чоңдор жана 1835и балдар, балдардын ичинен  4 жашка чейинки 1454 бала катталган. Министрлик өлкөдө кызамык менен ооругандардын саны өскөнүнө байланыштуу балдарды эмдетүүгө чакырган.

Ооругандардын көпчүлүгү Ош облусунда — 635 адам, Бишкек шаарында — 485 адам, Ош шаарында — 296 адам катталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кызамыктан эки бала көз жумду. Министрлик алар эмдөөдөн өтпөгөнүн билдирди

Өлкөдө кызамык менен ооругандардын саны өстү. Министрлик балдарды эмдетүүгө чакырды

«Эмдөөдөн баш тартышкан». Жыл башынан бери Баткенде кызамык оорусунун 12 учуру катталды