Энергетика министрлиги: Кыргыз тарап «Газпромго» өлкөдө мунай жана газ чыгарууга уруксат берүүнү колдойт

Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстан Орусиянын «Газпрому» республикада газ, ошондой эле мунай өндүрүү жана аны кайра иштетүү менен алектенүүсүн колдой турганын билдирди. Бул Ибраевдин Санкт-Петербургдагы эл аралык мунай форумунда айтканын таянып ТАСС басылмасы жазды.
 
«Бизде “Газпром” менен жакшы долбоорлорубуз бар, мисалы, “Кыргызнефтегаз” долбоору. Биз “Газпром” биздин өлкөдө мунай жана газ өндүрүп, калкыбызды ошол эле газ менен камсыздап, мунайды кайра иштетүүсүн каалайбыз», — деди Ибраев.

Ибраев 2023-жылы калкты газ менен камсыздоонун көрсөткүчү 38%ды түзгөнүн, ал эми 2014-жылы бул көрсөткүч 22% деңгээлинде болгонун кошумчалады. Министрдин айтымында, «Газпром» Кыргызстандын газ тармагына «эбегейсиз суммадагы инвестицияларды» салып жатат.

Кыргызстанда «Газпром» 2014-жылдан бери иштейт. Ал убакта Орусиянын «Газпром» корпорациясы Кыргызстанга газ жеткирүү үчүн жооптуу «Кыргызгаз» ишканасын символикалык 1 долларга сатып алган. «Кыргызгаздын» ордуна «Газпром Кыргызстан» ишканасы түзүлгөн. 

Компания калкты көгүлтүр отун менен үзгүлтүксүз камсыздоо, тарифтерди арзандатуу жана өлкөнүн газ инфраструктурасын модернизациялоо милдетин алган. Мындан тышкары, орусия тарап 5 жылдын ичинде өлкөнүн газ тармагын өнүктүрүүгө 20 млрд рубль инвестиция салып, «Кыргызгаздын» 4,1 млрд сомдук карызын төлөп берүү милдетин алган.

2023-жылдын февралында «Газпром Кыргызстан» өлкөдөгү газдын тарифин өзүн актабайт деп, ал өздүк наркын акташ үчүн бир куб метри эң аз дегенде 19,9 сом болушу керек деп билдирген. Андан бир ай мурда «Газпром Кыргызстандын» экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Арзымат Алдаяров кыргыз бийлиги компанияга 700 млн сомго жакын акча карыз экенин билдирген.