«Газпром Кыргызстан» чыгым тартып иштеп жатат, бийлик компанияга 700 млн сомго жакын акча карыз

Бийлик «Газпром Кыргызстан» компаниясына 700 млн сомго жакын акча карыз. Бул тууралуу economist.kg басылмасы компаниянын экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу Арзымат Алдаяровго таянып жазды.

Парламенттин 19-январда энергетика маселеси талкууланган жыйынында бир нече депутат «Газпром Кыргызстандын» ишин, айрыкча калкты газга туташтыруу ишин сынга алышты. Депутат Шайлообек Атазов мындан улам энергосекторго күч келип жатат деген пикирин айтты.

Дагы бир депутат Алишер Козуев «Газпром Кыргызстан» «Кыргызгазды» 2014-жылы 1 долларга сатып алгандан бери кандай иштерди аткарганына кызыкты.

Буга Алдаяров беш жылдын ичинде алар 2 800 чакырымга 1 200 газ түтүгүн курушканын жана газды бөлүштүрүүчү станциялардын курулушун аякташканын айтып жооп берди. Анын айтымында, Бишкектеги 46 калктуу конуштун 27си газга туташтырылган, дагы беши газ менен 2023-жылы камсыздалат.

Ал компания газ менен камсыздоонун башкы схемасын иштеп чыкканын, схеманын мөөнөтү 2030-жылга чейин каралганын дагы кошумчалады.

«Ошол схемада Кыргызстандын газ менен камсыз болуусун 60%га көтөрөбүз деп каралган. Быйылкы план менен Бишкекте беш жаңы конуш, Чүй облусунда эки калктуу конушка — 6 миң абонентке газ берилет. [...] Бирок экономикалык фактор да болуп жатат, ал жагынан биздин тариф өздүк наркынан ылдый коюлган. Пайдасыз тариф менен алты жылдан бери иштеп келе жатабыз. Өкмөт тараптан чоң карыздар да бар, ал карыздар 700 млн сомго жакындап калды. Биздин 1 жылдык инвестициялык программабыз 1 млрд сом, ошонун 700 млн сому карызда турат», — деп билдирди ал.

19-январда «Газпром Кыргызстан» ишканасы Бишкек жана Чүй облусунда газды өндүрүштүк максатта пайдаланган коммерциялык объекттерге жана ишканаларга, ресторан, кафе жана мончолорго газ берүүнү чектей турганы маалым болгон. Чечим калктын жана социалдык объектилердин көгүлтүр отко муктаждыгын толук камсыздоо максатында кабыл алынганы белгиленген.

Орусиянын «Газпром» корпорациясы 2014-жылы Кыргызстанга газ жеткирүү үчүн жооптуу «Кыргызгаз» ишканасын символикалык 1 долларга сатып алган. «Кыргызгаздын» ордуна «Газпром Кыргызстан» ишканасы түзүлгөн. Компания калкты көгүлтүр отун менен үзгүлтүксүз камсыздоо, тарифтерди арзандатуу жана өлкөнүн газ инфраструктурасын модернизациялоо милдетин алган.

Орусиялык компания 5 жылдын ичинде өлкөнүн газ тармагын өнүктүрүүгө 20 млрд рубль инвестиция салып, «Кыргызгаздын» 4,1 млрд сомдук карызын төлөп берери айтылган.

Тема боюнча окуңуз:

Өлкө боюнча жарык өчүрүүнүн графиги жарыялана баштады — жарык орточо 1-2 саатка өчөт