Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө айыпталган мурдагы күч кызматкери өмүр бою кесилди

Бишкектин Октябрь райондук соту 3-ноябрда Алтынай Канзаманованы жана анын эки баласын өлтүрүүгө айыпталган мурдагы күч кызматкери Чынтемир Аширалиевди күнөөлү деп тапты. 

Сот Аширалиевди «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен өзгөчө тартиптеги абакка өмүр бою эркинен ажыратты. Ал «Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси боюнча да күнөөлүү табылып, мамлекеттин пайдасына 80мин сом айып төлөөгө милдеттендирилди.

Аширалиевдин адвокаты кардарынын кылмыш жолу менен табылган гана мүлкү гана конфискацияланарын, аны да алгач талдоо аныкташы керектигин билдирди. 

Мындан сырткары, сот Аширалиевден жабырлануучу тараптын пайдасына 3 млн 671 миң сом өлчөмүндө материалдык жана моралдык зыянды өндүрүп берүүнү токтом кылды. Буга чейин жабыркаган тараптын адвокаты айыпталуучудан 4 млн 671 миң 590 сом өндүрүүнү суранган. Киши колдуу болгон аялдын туугандары бул каражаттарды кайрымдуулукка жумшашарын билдиришкен.   

Отурумда айыпталуучу акыркы сөзүн айтып жатып соттон «тергөө иштериндеги катачылыктарды эске алып жеңилирээк жаза берүүнү» суранды.  Акыркы сот процесстеринде ал мурда берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, киши өлтүрбөгөнүн айтып жаткан болчу. 

Сот Аширалиевди өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгаруу менен буга чейин айыпталуучуну ушундай эле мөөнөткө кесип, мүлкүн конфискациялоону суранган прокурордун өтүнүчүн колдоду. Прокурор Аширалиевди автоунаада курал сактаганы үчүн 100 миң сомго айыпка жыгууну да суранган болчу.

Үч адам өлтүрүлгөн кылмыш 17-февралга караган түнү Бишкектин 5-кичи районунда болгон. Көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде 51 жаштагы аялдын, анын 2005-жылкы кызынын жана жети жаштагы баланын сөөгү табылган.

Кылмышка шектелип 37 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган. Ал 15 жыл УКМКнын Мамлекеттик күзөт кызматында иштегени, Баткен окуругу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгону белгилүү болгон.