Акылбек Жапаров каналдарга чакан ГЭСтерди курууга шарт түзүү боюнча тапшырмаларды берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй каналында чакан ГЭС орнотуу боюнча пилоттук долбоордун ачылышына катышты. Бул тууралуу 5-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарада өкмөт башчыга 200 кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгууга мүмкүн болгон чакан ГЭСтин иши көрсөтүлдү. Анда Жапаров энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү толугу менен колдой турганын айтты.

Ошондой эле ал Энергетика министрлигине жана Суу чарба кызматына каналдарды куруп жатканда мындай гидроэнергетикалык орнотмолор үчүн техникалык шарттарды камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Буга чейин, 9-сентябрда Жапаров учурда өлкөдө 50гө жакын чакан жана орто ГЭС курулуп жатканын айтып, тизмесин жарыялаган. Анда ал алдыда курулушу баштала турчу ГЭСтердин, күндөн жана шамалдан энергия алуучу станцияларды да тизмектеген.

Өкмөт башчысы билдирүүсүндө кышында өлкөдө электр энергиясы таңкыс болорун эскертип, мунун себебин суунун жылдагыдан аз болгону менен түшүндүргөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Акылбек Жапаров: Азыр 50гө жакын чакан жана орто ГЭС куруп жатабыз