Акылбек Жапаров: Азыр 50гө жакын чакан жана орто ГЭС куруп жатабыз

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда өлкөдө 50гө жакын чакан жана орто ГЭС курулуп жатканын билдирди. Ал 9-сентябрда фейсбук барагына аталган ГЭСтердин тизмесин жарыялады.

Жапаров «анын сунушу менен өлкөдө Камбар-Ата-2 ГЭСинин 1-агрегаты курулуп, ал союз чачырагандан кийин курулган көзгө басар жалгыз ГЭС экенин» белгиледи.

«2020-жылга чейин андан башка бир дагы ГЭС курулган жок. Кудай жалгап, 2020-жылы азыркы президентибиз Садыр Жапаров бийликке келип калып, ушул көйгөйдү дароо сезди. Мына, азыр элүүгө жакын чакан жана орто ГЭС, кылым курулушу аталган Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп жатабыз», — деди ал.

2023-жылдын аягына чейин ишке киргизиле турган ГЭСтер:

  • Бала-Саруу ГЭСи (25 МВт);
  • Лейлек ГЭСи (6 МВт);
  • Ысык-Ата ГЭСи (9,6 МВт);
  • Исфайрам-1 ГЭСи (4 МВт);
  • Ала-Баш-1 ГЭСи (4,5 МВт);
  • Аксы ГЭСи (2,6 МВт);
  • Айгыр-Жал ГЭСи (2,4 МВт);
  • Ленинполь ГЭСи (2,3 МВт);
    Көгарт ГЭСи (6,7 МВт);
  • Кыштут ГЭСи (1 МВт);
    Тосту ГЭСи (1 МВт);
  • Белес ГЭСи (0,54 МВт);
  • Курак-Тектир (1,2 МВт);
  • Кожо-Кайыр (0,3 МВт);
  • Кайнама-1 ГЭСи (9,6 МВт);
  • «СиЭнЭй Энерджи» ЖЧКсы (2 МВт).

2024-жылдын аягына чейин ишке кире турчу ГЭСтер:

  • Буйга ГЭСи (6 МВт);
  • Ысык-Ата-2 (2 МВт);
  • Ак-Терек (4 МВт);
  • Алай гидро (9 МВт);
  • Саркент ГЭС (2 МВт);
  • Турген ГЭС (15 МВт);
  • Боз-Учук (0,7 МВт);
  • Жергез (6,2 МВт);
  • Кара-Жыгач (1 МВт);
  • Сары-Таш (1 МВт);
  • Аманат (0,5 МВт);
  • Адын-Үнкүр (0,85 МВт).

Куланак ГЭСИнин курулушу (2025-жылы бүткөрүү пландалууда)

2026-жылы ишке бериле турчу ГЭСтер:

  • Папан ГЭСи (20МВт);
  • Орто-Токой ГЭСи (21 МВт);
  • Кара-Көл ГЭСи (18 МВт);
  • Лебединовка ГЭСинин реконструкциясы (3,4 МВт).

Ошондой эле Жапаров алдыда курулушу баштала турчу ГЭСтердин, күндөн жана шамалдан энергия алуучу станциялардын да тизмесин жарыялады. Анын айтымында, алардын курулушу 2031-жылы аяктайт.

«Мына ушул ГЭСтердин бүтүшүнө, өзүңүздөр көрүп тургандай, бир канча убакыт керек. Качан бул ГЭСтер курулуп бүтүп, ишке киргенде гана бизде электр энергиясы таңкыс болбойт. Эгер ушул ГЭСтердин баары мурда эле курулуп калганда, азыр кыйналбайт элек», — деп белгиледи ал.

Өкмөт башчысы билдирүүсүндө кышында өлкөдө электр энергиясы таңкыс болорун эскертип, мунун себебин суунун жылдагыдан аз болгону менен түшүндүрдү.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров кышында электр энергиясы таңкыс болорун эскертип, элди энергияны үнөмдөөгө чакырды

Келерки кышта үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салуу пландалып жатат