Селекцияда бычакталган аялдын иши. Соттор кеңеши президентке судьяны иштен алууну сунуштады

Соттор кеңеши президентке Селекция айылында мурдагы аялын кордоого шектелип жаткан адамды пробациялык көзөмөл менен бошоткон Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Токтомаматов К.Ж. жумуштан бошотууну сунуштады. Сөз аялды кордоо иши эмес, зордуктоо иши тууралуу болуп жатат.  

Судья Токтомаматовду мөөнөтүнөн мурда кызмааттан алуу жөнүндөгү сунушту Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жеке өзү киргизди. 

Соттор кеңеши.

2023-жылдын январында айыпталуучу мурдагы аялын зордуктоого шектелип кармалган. Бул иш боюнча Чүй облусунун Сокулук райондук соту шектүүнү беш жылга эркинен ажыратып, бирок ага карата пробациялык көзөмөл колдонуп, эркиндикке коё берген.

Анда сот «айыпталуучунун улгайган көзү азиз апасы бар, ал кароого муктаж экендигин, ошондой эле айыпталуучу менен жабырлануучунун ортосунда эки бала бар экендигин» эске алганы белгиленген. Бирок 27-сентябрда Чүй облустук соту пробациялык көзөмөл колдонуу чечимин жокко чыгарып, шектүүнү 8 жылга эркинен ажыраткан. 

Чүй облусутук соту зордуктоо иши боюнча өзүнүн жаңы өкүмүн айыпталуучу мурдагы аялын мыкаачылык менен кордоп, жабырлануучу оор абалда ооруканага түшүп калган соң гана чыгарды.

Базарбековдун пикиринде, Сокулук райсотунун судьясынын чечими туура эмес. 

Селекцияда бычакталган аял

20-сентябрда милиция мурдагы аялынын кулак-мурдун, ошондой эле бетин кескилеп салууга шектелген 39 жаштагы киши кармалганын билдирген. Врачтар аялдын өмүрүн сактап калыш үчүн сегиз саатка чукул операция жасашкан, учурда ал ооруканада. Жабырлануучунун сиңдиси Диана Елкен эжесине дагы бир нече оор операция жасалышы керектин, эми анын «кулар-мурду мурдагыдай болбой каларын» айткан. 

Бул окуя милиция жана судьялардын ишине карата сынды күчөткөн. Жабырлануучу ажырашып кеткен күйөөсү зордуктап кетип атканына арызданып милицияга эки жолу кайрылганы белгилүү болгон.

Чүй ОИИБи биринчи жолкусунда жабыркаган аял тосмо арыз жазкандыктан сот териштирүүнү токтотконун билдирген. Бирок жабырлануучунун сиңдиси андай маалыматты четке каккан

Экинчи жолкусунда сот айыпталуучуну пробациялык көзөмөлгө коё берген. 

ИИМ өз кезегинде мекеменин башчысы Улан Ниязбеков «кылмыш ишинин объективдүү жана ар тараптуу иликтенишине кепилдик берүү үчүн» бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын билдирген.

Дагы окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

Кыргызстанда аялдарды көбүнчө кимдер зордуктайт? График менен көрсөтүп беребиз