Бишкекте күйөөсү кескилеген Асел Ногойбаевага арналган иш-чара өттү

29-октябрда Бишкекте аялдарга карата зомбулукка каршы «Мен — Асел» ( I am Asel) аталышындагы талкуу болуп өттү. Иш-чара мурдагы күйөөсү тарабынан мыкаачылык менен бычакталган Асел Ногойбаевага арналды.

Сүрөт: «Азаттык»

Анда «Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук: коомдун аны азайтуу аракети» деген темада тасма көрсөтүлүп, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болду. Түшкөн каражат Ногойбаеванын дарылануусуна жумшалат.

Иш-чарада укук коргоочулар Ногойбаеванын окуясын жана акыркы убактарда күч алган аялдарга карата зомбулукту кескин сынга алып, токтотуу талабын коюшту.

Селекцияда бычакталган Асел

20-сентябрда коомчулукка Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун, ошондой эле бетин кескилеп салган Асел Ногойбаева тууралуу белгилүү болгон.

Жабырлануучу мурдагы күйөөсү зордуктап кетип атканына арызданып окуяга чейин милицияга бир нече жолу кайрылганын айткан. Ага карабастан Сокулук райондук соту шектүүнү пробациялык көзөмөл менен бошотуп салганы ачыкталган.

Аталган окуя милиция жана судьялардын ишине карата сынды күчөткөн. Кийинчерээк Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков баш болгон соттор кеңеши райондук соттун судьясы Токтомаматов К.Ж. жумуштан бошотууну президентке сунушташкан.

Врачтар аялдын өмүрүн сактап калыш үчүн сегиз саатка чукул операция жасашкан. Бир айдай ооруканада жаткан Ногойбаева жакында гана үйүнө чыкты. Ага дагы бир нече операция жасалышы керектиги айтылууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

WPS индекси: Кыргызстан аялдар үчүн кооптуу өлкө бойдон калууда

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү