ЮНИСЕФ Кыргызстанга 15 млн сомдук медициналык шаймандарды алып берди

ЮНИСЕФ жалпы наркы 15 миллион сомдон ашык каражатка медициналык шприц ийнелерин кесүүчү кайчыларды, ийнелер үчүн атайын контейнерлерди, чакаларды жана атайын санитардык баштыктарды тапшырды. Бул тууралуу 7-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, медициналык шаймандар COVID-19га каршы эмдөөнү илгерилетүү жана вирус менен күрөшүү боюнча Gavi программасынын алкагында медициналык калдыктарды башкарууну жакшыртуу үчүн берилди. 

Аталган каражаттар өлкө боюнча 1735 эмдөө пунктуна бөлүп берилет. Каражаттар медицина тармагындагы муктаждыктарды дээрлик эки жылга жабат деп күтүлүүдө.

«Медицина кызматкерлеринин жана жалпы калктын коопсуздугу ЮНИСЕФ үчүн биринчи орунда турат. Биз медициналык калдыктарды туура башкарууну жакшыртуу жана бул системанын туруктуулугун бекемдөөдө Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтө бермекчибиз», — деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло.

Министрликтин маалыматына караганда, өлкөдө жыл сайын саламаттык сактоо тармагында 10 миң тоннадан ашык калдык чыгарылат. Аталган калдыктар жалпы таштандынын 2-3%ын түзгөнүнө карабастан өзгөчө коркунучтуу болуп эсептелет.

«Таштандылар кооптуу микроорганизмдерди, уулуу дары-дармектерди камтыйт жана радиологиялык коркунучу бар. Ошондуктан, мындай калдыктар менен иштөө маселесине өтө олуттуу мамиле жасалууга тийиш. Медициналык калдыктардын ар бир түрү өзгөчө туруктуу жана экологиялык жактан коопсуз жол менен иштетилиши керек», — деп айтылат билдирүүдө.

Октябрь айынын аягында Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) Кыргызстанга жалпы наркы 56 миллион сомдон ашык каражатка 14 даана медициналык жабдуу алып берген.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Корея Кыргызстанга 56 миллион сомго медициналык жабдууларды алып берди

USAID Саламаттык сактоо министрлигине кургак учукту аныктоо үчүн 13 млн сомдук жабдууларды берди