Бишкек: Өнөктөшүн кордоого шектелген тургундун иши «тараптар жарашты» деп кыскарды

Сүрөт: Коллаж

Бишкекте жарандык никедеги аялына зомбулук көрсөтүүгө шектелген American School окуу борборунун 38 жаштагы мурдагы жетекчисинин иши «тараптар жарашканына» байланыштуу кыскарып, шектүү эркиндикке чыкты. Бул тууралуу «Клоопко» 9-ноябрда Октябрь РИИБден билдиришти.

16-сентябрда Бишкек шаарынын тургуну анын курбусу чогуу жашаган адамы тарабынан зомбулукка кабылганын айтып чыккан

Соцтүйүнгө жарыяланган билдирүүдө Бишкектеги American School окуу борборунун мурдагы жетекчиси Эрлан Усубакунов экени айтылган тургун чогуу жашаган аялын «такай сабап, ар кандай жол менен шылдыңдап, атүгүл үтүк басып кыйноого алары» айтылган.

Ошондой эле алардын төрт жашар кызы бар экени, жабырлануучу «жолдошунан кетип калууга аракет кылганда, ал “кызды алып коём, акырына чейин бирге болушубуз керек” деп коркутканы» белгиленген.

Бишкектин Октябрь райондук милициясы жабырлануучу 15-сентябрда арыз менен кайрылганын жана «жарандык никеде жашаган жолдошу бир күн мурда аны сабап, зордуктаганын» айтканын тастыкташкан.

Милиция бул окуяны «Зордуктоо» беренеси менен каттоого алып, райондук сот шектүүнү эки айга камакка алган. 

7-октябрда Акыйкатчы институту милиция, сот жана прокуратурага кайрылып, жарандык жолдошу көп жылдан бери зомбулук көрсөтүп жүргөн аялдын укуктарын коргоого чакырган. Институттан жабырлануучу «сот шектүүнү бошотуп, ал кайра кордук көрсөтүп баштайт деп коркуп жатканын» кошумчалап, укук коргоо органдарынан аталган ишти жеке көзөмөлгө алууну суранган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Өнөктөшүнө зомбулук көрсөтүп жүргөн шектүү эки айга камалды

Акыйкатчы өнөктөшү зомбулук көрсөттү делген аялдын укугун коргоого чакырды