Бишкекте өспүрүм курактагы кыздарды сабоого шектелип өгөй атасы кармалды

Өспүрүм курактагы эки кызды сабады деп шектелген киши Ленин райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу 10-ноябрда Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта 33 жаштагы шектүү кыздардын өгөй атасы экени айтылат. Андан аркы териштирүү үчүн иштин материалдары райондук сотко өткөрүлүп берилет. 

Бети-башы, денеси көк ала болгуча сабалган 9 жана 10 жаштагы кыздардын сурөтүн «Балдардын укугун коргоочулар лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова 9-ноябрда фейсбук барагына жарыялаган. Ал күбөлөргө таянып, шектүү эркиндикке чыкканын айткан болчу. 

Өгөй атасы тарабынан сабалган кыз. Сүрөт: Назгүл Турдубекова

«Ошол түнү өгөй атасынан токмок жеген 9, 10 жаштагы эки кыздын апасы мага байланышка чыкты. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынан балдардын коопсуздугун көзөмөлгө алып, өгөй атасын камоого алууну суранам», — деп кайрылган ал. 

Балдарга карата зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле кезде ички иштер министри Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фатылары жыл сайын өсүп жатканын айткан.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 12-августунда балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон.

Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот. Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт.

Алар сизге консультация берип, психологиялык жактан жардам көрсөтө алышат. Эгер сизге укук коргоо органдарынын жардамы керек болсо, кайрылууңуз аларга жөнөтүлөт.

Ошондой эле зомбулукка кабылган балдарга жардам бере турчу борборлор да иштейт. Ал жакка төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

-Бишкек шаары, Карасаев көчөсү №73. Телефондор: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;

-Ош облусу, Ош шаары, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1. Телефон: 03222 62288;

-Талас облусу, Талас шаары. Телефон: 0778 4366775;

-Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жамансариева көчөсү № 163. Телефондор: 03922 50405, 03922 50212;

-Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Ысык-Көл көчөсү №33.

ТЕМА БОЮНЧА:

Токтогул: 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 36 жаштагы киши кармалды

Жалал-Абаддын тургуну 5 жашар баласын 13 жаштагы өспүрүм зордуктаганын айтып чыкты