Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Райма Абдубачаева көз жумду

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, актриса Райма Абдубачаева 75 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу 10-ноябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти

Райма Абдубачаева

Абдубачаева Фрунзе шаарында кыргыз театр искусствосунун чолпон жылдыздарынын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы — Исмаилбек Абдубачаев Москва шаарындагы Луначарский атындагы театралдык институттун эң алгачкы бүтүрүүчүсү болсо, апасы — СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси Даркүл Күйүкова.

Актриса 7 жашында Кыргыз драмалык театрына кирип, 1955-жылдан тарта 1967-жылга чейин жаш жеткинчектердин образдарын жараткан. Мындан улам анын театралдык амплуасын «травести»* деп аныкташкан.

*Травести — балдардын жана өспүрүмдөрдүн кыздардын да, балдардын да ролдорун, ошондой эле эркектин костюмун кийүүнү талап кылган ролдорду ойногон актриса.

Абдубачаева кийинчерээк балдардын ролу менен чектелбей чал, кемпир, келин, энелердин образдарын аткара баштаган. Таланттуу актриса муну менен гана чектелбестен Москвадагы Мамлекеттик маданият институтунун режиссёрдук бөлүмүн аяктаган. 

Өмүрүнүн 13 жылын Ош драмалык театрында актрисалыкка арнап, 35 жыл Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында эмгектенген.

1963-жылы Москва шаарында өткөн декадада «Атанын тагдыры» спектаклинде Жеңишбекти, «Саманчынын жолу» чыгармасында Жанболотту ойноп, күйөрмандардын арзуусуна айланган.

Бир катар сыйлыктар менен катар, 1995-жылы актрисага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардак наам ыйгарылган.

Абдубачаева жарым кылымдык өмүрүн театрга арнап, Уильям Шекспирдин «Гамлетинде» Озриктин, «Ричард III» чыгармасында Принц Уэльскийдин, «Антоний менен Клеопатрасындагы» кызматкер Ираданын, Максим Горькийдин «На дне» атту чыгармасында Аннанын, Токтоболот Абдумомуновдун «Алдар көсөөсүндөгү» Чатектин, Нодар Думбадзенин «Кам санаба, апакесиндеги» Мзиянын ролун аткарган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыз эл артисти Зинаида Петренко акыркы сапарга узатылды