«Өлкөнү сүрөгөн негизги күч». Жапаров кыргызстандыктарды жаштар күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров

Бүгүн, 10-ноябрь жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата өлкө башчысы Садыр Жапаров кыргызстандык жаштарды майрамы менен куттуктады

Жапаров өз сөзүндө «жаңы Кыргызстанды курууга багытталган коомдук-саясий жана экономикалык реформаларды ишке ашырууда жаштардын ролу чоң экенин» белгиледи. 

Ошондой эле президент «өлкө турмушунда маанилүү орунду ээлеген, саясий жана жарандык позициясы бар жүздөгөн жаштар бийликтин бардык бутактарында жетекчилик кызматтарда иштеп жатканын жана жүз миңдеген улан-кыздар турмуштун бардык тармактарында өлкөнүн негизги кыймылдаткыч күчүнө айланганын» айтты. 

Аны менен катар, Жапаров жаштардын аң-сезимине терс таасир берүүчү чакырыктарды жасаган «деструктивдүү күчтөрдүн» таасири жүрүп жатканын дагы баса белгиледи.

«Коом турмушунда болуп жаткан оң өзгөрүүлөр менен катар, тилекке каршы, өсүп келе жаткан муундун жан дүйнөсүнө, аң-сезимине терс таасир этүүчү чакырыктар бар экени жашыруун эмес. Мындай кырдаалда өсүп келаткан муундарды, балдарыбызды ар кандай деструктивдүү күчтөрдүн жана агымдардын терс таасиринен коргоо ар бирибиз үчүн эң актуалдуу милдет бойдон калууда. 

Жаштардын билим алуу, эне тилин билүү, жумушсуздук, арзан турак жай менен камсыздоо, миграция агымын азайтуу, салттуу эмес диний агымдардын таасиринен сактоо сыяктуу маселелери курч экени маалым. Мындай олуттуу көйгөйлөр мамлекеттин көңүл чордонунда», — деди өлкө башчысы.

Жапаров мамлекеттик жаштар саясатын өркүндөтүү максатында кол коюлган «Жаштар жөнүндө» мыйзам жаштардын өнүгүүсүнө шарттарды түзүүдө чоң өбөлгө болоруна ишенээрин билдирди. Ошондой эле жакында мамлекет тарабынан жаштарга арналган «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форумун өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.

Үстүбүздөгү жылдын август айында президент Садыр Жапаров «Жаштар жөнүндөгү» мыйзамга кол койгон. Мыйзам долбоорунун авторлорунун айтымында, мыйзам «жаштар саясатын калыптандыруунун, ошондой эле жаштарды мамлекеттик ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүнө тартуунун механизмдерин аныктоо» максатын көздөйт.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Президент «Жаштар жөнүндөгү» мыйзамга кол койду

Бекешев: Жаштарга Батыш эмес, айрым депутаттар тескери таасир берип жатат

Бир цитата: Төрага Шакиев бейөкмөт уюмдар жаштарды туура эмес жолго салып жатканын айтты