Жалал-Абад: Тургундун 35 млн сомдон ашык акчасын алып, качып жүргөн жаран Өзбекстандан кармалды

Жалал-Абад облусунун тургунунан 35 млн 158 миң сом акча алып, качып жүргөн 22 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу 10-ноябрда облустук милициядан билдиришти.

Шектүү. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрда Жалал-Абад шаарынын 29 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда, өткөн жылдын июнь айында Ноокен районунун тургуну Орусиядан «жыгач алып келип берем деп 35 млн 158 миң сом акчасын алып, ушул күнгө чейин качып жүргөнүн» билдирген.

Окуя боюнча «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары Өзбекстандын аймагынан кармалган Ноокен районунун 22 жаштагы тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Аталган кылмышка шектелген жарандан жабыр тарткандар болсо Жалал-Абад ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө же 0772 70 90 00 номуру аркылуу байланышууга болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Балта: Ишкерди коркутуп, ири суммадагы акча опузалаган беш шектүү кармалды

Ош: Тургундан акча опузалоого шектелип издөөдө жүргөн үч милиция кызматкери кармалды