Кыргыз спортчусу Белек Бараканов самбо боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль жеңди

11-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаменти балбан Белек Бараканов Арменияда өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль жеңгенин кабарлады.

Спортчу 64 килограммга чейинки салмактык категорияда күч сынашып, чейрек финалда италиялык, жарым финалда монголиялык спортчуну жеңген. Ал эми финалда орусиялык балбан Владимир Леонтаевге 4:0 эсебинде утулуп калды.

Армениянын Ереван шаарында өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионаты 10-ноябрда башталган. Мелдеш 12-ноябрда жыйынтыкталат. Ага 65 өлкөдөн келген сопртчулар катышууда.

Самбо – коргонуунун комплекстүү тутумун камтыган спорттун түрү. Аталышы куралсыз коргонуу дегенди түшүндүрүп, күрөштүн натыйжалуулугу коргонуу болуп эсептелет. Самбодо талылуу жерге чабуу жана дене мүчөөлөрүн кайрып, ооруту ыкмалары менен мөөнөтүнөн эрте жеңүүгө болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Спортчу Акназар Кенжебаев шахбокс боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту

Кикбоксчу Аброр Хакимов Сауд Арабияда өтүп жаткан Дүйнөлүк оюндарда алтын медаль жеңди