Ош: 11 киши ири куралдуу каракчылыкка жана терроризмге шектелип кармалды

Ошто 11 адам ири куралдуу каракчылыкка жана экстремизм-терроризмге шектелип кармалып, тогузу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу 10-ноябрда Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Ош ШИИБ/УВД г.Ош (@uvd_g_osh)

Маалыматка ылайык, камакка алынган тогуз шектүүнүн үчөө мурда каракчылык кылып, террордук ишке көмөктөшкөнү үчүн издөөдө жүргөн. Шектүүлөрдүн үйүн тинтүү учурунда көп сандагы курал-жарак, бронежилет жана араб тилиндеги китептер менен дисктер табылды.

Шектүүлөрдүн үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде акча алмаштыруучу жайдан 3 млн сомдон ашык каражатты карактагандар менен байланышы бар экени айтылууда.

«Бул кылмыштын алкагында жалпы 17 киши кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган — алардын 14ү эркек, үчү аял. Учурда 13 адам камакта болсо, үчөө үй камагында. Дагы бирөө кармоо учурунда каршылык көрсөткөнү үчүн Чүй облусунун аймагында жок кылынган», — дешти милициядан.

Ош ШИИБден аталган кылмыштуу топтун мурда жасаган жана даярдап жүргөн 29 кылмыш иши аныкталып, ага тиешеси барлар издөөдө жүргөнүн белгилешти.

Учурда тергөө иштери улантылууда. Тинтүү учурунда алынган куралдардын жарактуулугун текшерүү үчүн атайын экспертиза дайындалды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Карактоого шектелип кармалган кылмыштуу топтон көп сандагы курал-жарак табылды