Жапаров: Кыргызстан палестин элинин суверендүү мамлекет түзүүгө болгон мыйзамдуу укугун тааныйт

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстан Палестина элинин көз карандысыздыкка жана суверендүү мамлекет түзүүгө болгон мыйзамдуу укуктарын тааныйт» деп билдирди. Бул тууралуу ал 11-ноябрда Сауд Арабия Падышалыгында өткөн Ислам кызматташтык уюмунун саммитинде айтты.

Жапаров «ар бир кыйылган өмүр — чоң трагедия» деп белгилеп, Кыргызстан Газадагы карапайым калктын азабын жеңилдетүү үчүн гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

«Бул чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бир айдан ашык убакыттан бери күчөгөн зордук-зомбулуктун натыйжасында эбегейсиз жоготууларга жана кыйынчылыктарга дуушар болгон бардык палестиналык жарандардын кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт. Биз палестиналык боордошторубузга тышкы агрессияны жана бейкүнөө адамдардын өлүмүн токтотууга колдоо көрсөтүү, ошондой эле гуманитардык жардам берүү биздин жалпы милдетибиз деп эсептейбиз», — деди ал.

Өлкө башчысы Коопсуздук кеңешин жана БУУнун Башкы ассамблеясын Газадагы зомбулукту токтотуу жана ал аймактагы коопсуздук кризисин жөнгө салуу боюнча эффективдүү жана чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды.

«Ислам үммөтү эл аралык коомчулукту бул баскынчылыкка каршы бирдиктүү жана консолидацияланган позицияны карманууга ынандыруусу жана кагылышуучу тараптарды сүйлөшүүгө отургузуу үчүн эл аралык аракеттерди активдештирүүсү зарыл. [...] Чыр-чатактын катышуучулары жарандардын өмүрүн коргоого артыкчылык берүүсү жана БУУнун негизги документтеринде бекитилген эл аралык гуманитардык укуктун универсалдуу эрежелерин урматтоосу өтө маанилүү», — деди президент.

Буга чейин Жапаров палестиналык «ХАМАС тобун жок кылуу операциясын» жүргүзүп жаткан Израиль армиясын Газа тилкесиндеги согушту токтотууга чакырган. Ал Газадагы кырдаалды «гуманитардык кризис» деп атаган.

Газадагы кырдаал

7-октябрда ХАМАС радикал тобунун күчтөрү Израилдин түштүгүнө чабуул жасаганы кабарланган. Натыйжада болжол менен 1400 адам каза болуп, эки жүздөн ашуун адам барымтага алынганы айтылган.

Израиль буга жооп кылып, Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштаганын жарыялаган. Операциянын максаты ХАМАСты толугу менен жок кылуу экени белгиленген.

Палестин Саламаттык сактоо министрлигинин 10-ноябрдагы маалыматы боюнча, Израилдин операциясы башталгандан бери Газа тилкесинде 11 миңден ашык адам каза болгон, алардын арасында 4500дөн ашык жаш бала жана 3000ден ашуун аял бар. Мындан тышкары, 27 миңдей тургун жаракат алган.

БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, Газа тилкесинде бир миллиондон ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров Газа секторундагы согуштук аракеттерди токтотууга чакырды