Ош: Ири куралдуу каракчылыкка шектелген 9 киши эки айга камакка алынды

Ошто ири куралдуу каракчылыкка жана экстремизм-терроризмге шектелип кармалган 11 кишинин 9у эки айга камакка алынды. Бул тууралуу «Клоопко» 13-ноябрда Ош ШИИБден билдиришти. 

Кармалгандардын арасында эки кишинин кылмышка тиешеси аныктала элек. Буга байланыштуу алар үй камагына чыгарылды. Ошондой эле, милициядан кармалгандардын арасында эки коңшу өлкөнүн жараны бар экенин кошумчалашты.

10-ноябрда Ошто 11 адам экстремизм-терроризмге жана ири куралдуу каракчылыкка шектелип кармалып, тогузу убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Камакка алынган тогуз шектүүнүн үчөө мурда каракчылык кылып, террордук ишке көмөктөшкөнү үчүн издөөдө жүргөн. Шектүүлөрдүн үйүн тинтүү учурунда көп сандагы курал-жарак, бронежилет жана араб тилиндеги китептер менен дисктер табылган.

Мындан сырткары шектүүлөрдүн 26-апрелде акча алмаштыруучу жайдан 3 млн сомдон ашык каражатты карактагандар менен байланышы бар экени айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: 11 киши ири куралдуу каракчылыкка жана терроризмге шектелип кармалды

Ош: Карактоого шектелип кармалган кылмыштуу топтон көп сандагы курал-жарак табылды