Ош шаардык кеңешинин депутаттары мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

14-ноябрда Ош шаардык кеңешинин депутаттары мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Мындай чечимди алар шаардык кеңештин кезексиз сессиясында кабыл алышты.

 

Ош шаардык Кеңешинин кезексиз XXII сессиясы

Posted by Ош шаардык Кеңешинин расмий баракчасы on Monday, November 13, 2023

«Турмуш» басылмасынын маалыматына ылайык, ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин шаардык кеңештеги фракция лидерлери көтөргөн. Демилгени депутаттар колдоп, жабык добуш беришкен.

Добуш берүүгө 45 депутаттын 42си катышып, алардын ичинен 38 депутат ишеним көрсөтпөөнү колдоду. Ал эми үчөө чечимге каршы добуш берди.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкуловдун «Клоопко» берген маалыматына ылайык, депутаттар шаардык кеңештин токтомдорунун «95%ы муниципалитет тарабынан аткарылбай жатат» деп эсептешет.

«Аларда [ишенбестикти билдирүү үчүн] ушундай негиз бар. Бирок, тескерисинче, токтомдордун 95%ын мэрия тарабынан аткарылса, калган 5%ы ар кандай себептер менен азыр аткарылып жатат», — деди Сулайманкулов.

Жетигеновдун өзү шаардык кеңештин сессиясында болгон эмес. «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамга ылайык, Ош шаарынын мэри «шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси ишеним көрсөтпөгөн учурда» кызматынан алынышы мүмкүн.

Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри кызматына 2022-жылдын ноябрында дайындалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош шаарына мэр болгон Бакытбек Жетигенов тууралуу эмне белгилүү?