Президент Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн бошоткон судьяны иштен алды

Президент Садыр Жапаров 1-ноябрда чыгарган жарлыгы менен Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматовду ээлеген кызматынан бошотту. Документ «Токтом» порталында жарыяланган. 

Президенттин жарлыгында Токтомаматов «судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгына талаптар бузулгандыгына байланыштуу» бошотулганы айтылат.

Асел Ногойбаеванын мурдагы жолдошу тарабынан зордукталганы боюнча ишти дал ошол Токтомаматов карап, чечим чыгарган. Ал өз чечими менен айыпталуучуну пробациялык негизде бошоткон. Судья Токтомаматовду кызматтан алуу боюнча сунушту Жогорку соттун башчысы Замирбек Базарбеков өзү берген. Анын пикиринде, Сокулук райондук сотунун судьясынын аракети туура эмес болгон. 

Президент 1 жана 3-нобярда чыгарган жарлыктары менен жалпы 9 судьяны иштен бошотту. Алардын ичинен жети судья «судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгына талаптар бузулгандыгына байланыштуу», бирөө — жазык жоопкерчилигине тартууга уруксат бергендигине байланыштуу, дагы бири — өз каалоосу менен бошотулду.

Чүй облусунун Селекция айында 36 жаштагы Асел Ногойбаева кордолгону тууралуу окуя 20-сентябрда белгилүү болгон. Жабырлануучу ошол эле күнү бети жана моюну кесилген абалда Улуттук госпиталга жаткырылган.

Бул факты боюнча милиция «Денеге оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, жабырлануучунун 39 жаштагы мурдагы күйөөсүн кармаган.

Жабырлануучу бул окуяга чейин дагы мурдагы күйөөсүнүн «зордук-зомбулугуна» арызданып, укук коргоо органдарына эки жолу кайрылганы белгилүү болгон, бирок ал соттолбой эле эркиндикте калган.

27-сентябрда Чүй облустук соту аялдын мурдагы жолдошун пробациялык көзөмөлгө алуу боюнча чечимди жокко чыгарып, айыпталуучуну зордуктоо иши боюнча 8 жылга эркинен ажыраткан.