УКМК: «Массалык башаламандык уюштурууга чакырууга» шектелген киши Орусияда кармалды

15-ноябрда УКМК «массалык башаламандык уюштурууга чакырык жасаган» делип издөөдө жүргөн Нурбек Кайназаров Орусияда кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда төрөлгөн 37 жаштагы шектүү фейсбук барагына «чагымчыл, бийликти күч менен кулатууга, басып алууга чакырык жасаган билдирүүлөрдү жарыялаганы» айтылат.

Орусияда кармалган Нурбек Кайназаров. Сүрөт УКМК.

Бул боюнча УКМК «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүүгө эл аралык издөө жарыялаган. 

Москвада кармалып, Кыргызстанга алып келинген шектүү 20-ноябрга чейин УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгындагы тергөө абагына киригизилди.

Атайын кызмат тараткан видеодо Кайназаров «буга чейин бийлик өкүлдөрүн сындаган видеолорду чыгарганы үчүн өкүнүп жатканын» айткан. Ошондой эле ал Кыргызстанга келип «бийликтин жасап жаткан иштерин өз көзү менен көргөнүн» кошумчалаган.

Буга чейин, 8-ноябрда фейсбукта «Мадумаровдун дагы бир тарапташы Нурик Кайназаров Орусияда кармалып, Кыргызстанга алып келинип, жактоочулары киргизилбей, кыйноого кабылганы» тууралуу маалымат тараган болчу

ТЕМА БОЮНЧА:

Массалык башаламандык, кылмышка даярдык көрүү. Активист Мелис Аспеков кайра кармалды

Жазуучу Олжобай Шакир «массалык башаламандыкка чакырууга» шектелип кармалды