Массалык башаламандык, кылмышка даярдык көрүү. Активист Мелис Аспеков кайра кармалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту президент Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы, активист Мелис Аспековду эки айга камакка алды. Бул тууралуу 30-сентябрда райондук соттун басма сөз кызматынын кабарлашты.

Маалыматка караганда, Аспековго «Кылмышка даярдык көрүү» жана «Массалык башаламандыктар» беренеси менен айып тагылууда.

Ага чейин соцтүйүндө үнү Аспековго таандык делген аудио тараган. Анда активист абактагы Аскат аттуу киши менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны бошотууга аракет кыларын айтып, колдоого чыкканга бала сураганы айтылат.

Мурда Аспеков «Алдамчылык» жана «Акча опузалоо» боюнча жети жылга кесилип, ырайым менен бошотулган. Кийин ал УКМК «10 миң доллардан ашык акчасын кайтарып бергенин, бул анын жүз пайыз күнөөсүз экенин билдирерин» айтып чыккан. УКМК аны төгүндөп, каражаттын тергөөгө тиешеси жок экенин билдирген.

Аспековдун мурдагы иши

Мелис Аспеков мурда президент Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында УКМК аны «Кыргыз темир жолунун» жетекчилигинен 250 миң доллар пара опузалоого шектеп кармаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Улан Жураев аттуу активист менен бирге ишкананын жетекчилигин «финпол тарабынан текшерүү жөнөтөбүз, “Кыргыз темир жолуна” каршы митинг уюштурабыз» деп коркутуп, акча опузалашкан.

Ошол кезде президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаров Аспековдун кармалышы боюнча оюн билдирип, «ар ким кылган иши үчүн жооп бериши керек» деп айткан.

Кийин активист Жапаров шайлоо кампаниясына «экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен иниси Асылбек Жээнбековдон 10 млн доллар алган» деп билдирүү жасаган.

Көп өтпөй Жээнбековдор ар-намысы менен кадыр баркын коргоо үчүн сотко арыз беришкен. Бирок Аламүдүн райондук соту «арыз кыргызча жазылган эмес» деген жүйө менен кайтарып берген.

Ошол эле жылдын 12-майында фейсбукта Аспековду «финполдун экс-башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүүнү талап кылып үч ай кыйнашканы» тууралуу билдирүү тараган. Бирок УКМК аны четке каккан.

Көп өтпөй Аспековго каршы дагы бир кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Аспеков бир аялга тууганын абактан бошотуп берем деп убадалап, 15 миң доллар алдап алган.

Аспеков 9-августта инфаркт болуп, тергөө абагынан ооруканага жаткырылып, жүрөгүнө операция жасалган. Кийин ал ТИЗО-1ге которулган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 30-майында жети жылга кесилген Аспеков ырайым менен бошотулган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Элди адаштыруу аракети». УКМК Аспеквого кайтарылган каражат боюнча түшүндүрмө берди

«Күнөөсүз экенимди билдирет». Аспеков УКМК анын 10 миң $ ашык акчасын кайтарып бергенин айтты