Баласын таштандыга калтырууга шектелген аял тил каттын негизинде бошотулду

Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайын таштанды челекке таштоого шектелип эки айга камакка алынган 21 жаштагы келиндин бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Ал эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде бошотулду. Бул тууралуу 16-ноябрда Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады. 

Сот мындай чечимди Октябрь РИИБнин тергөөчүсү шектүү медициналык мекемеде дарыланып жатканын айтып, анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч бергенден кийин, 14-ноябрда кабыл алды. 

8-ноябрда саат 23:30 чамасында Түштүк-2 кичи районундагы Элебаев көчөсүндө жайгашкан таштанды челектердин биринен жаңы төрөлгөн ымыркай табылганы айтылган.

Бул боюнча Октябрь райондук милициясы «Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иш козгоп, тиешелүү экспертиза дайындаган.

Шаардык милиция 11-ноябрда  жаңы төрөлгөн ымыркайдын 21 жаштагы апасы кармалып Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген. Кийин, шектүү 11-январга чейин камакка алынганы  белгилүү болгон

Социалдык камсыздандыруу министрлиги 15-ноябрда таштандыдан табылган ымыркайды таянесине берүү каралып жатканын билдирди

ТЕМА БОЮНЧА:

Милиция таштанды челектен табылган ымыркайдын апасы кармалганын билдирди

Таштанды челектен табылган ымыркайдын энеси эки айга камакка алынды