Таштанды челектен табылган ымыркайдын энеси эки айга камакка алынды

Бишкектин Октябрь райондук соту жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кеткен 21 жаштагы шектүүнү 11-январга чейин камакка алды. Бул тууралуу 13-ноябрда «Клоопко» аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Ымыркай, 8-ноябрда саат 23:30 чамасында Бишкектин Түштүк-2 кичи районундагы Элебаев көчөсүндө жайгашкан таштанды челектердин биринен табылган.

Бул боюнча милиция «Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иш козгоп, 11-ноябрда 21 жаштагы шектүү кармалган.

Укук коргоочу, «Балдардын укугун коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова ташталган баланын атасы да жоопкерчиликке тартылып, өз жазасын алышы керектигин айтты.

«Азыр коом энени гана күнөөлөп, жаман сөздөрдү айтып, жазып, окуяны талкуулап атат. Бирок алардын бири да ошо баланы жасаган ата тууралуу айткан жок. Кана атасы? Ал ким? Балким ал байкуш кызды күчкө салып зордуктап койгон? Балким ал кызды алдаган? Эмне үчүн биз бул тууралуу унчукпайбыз? Эмнеге милиция бир гана энесин таап, аны жазага тартышы керек?» — деди укук коргоочу.

Учурда ымыркай №1 төрөт үйүндө. Наристенин абалы туруктуу деп бааланууда.

Аталган төрөт үйүнүн жамаатынын чечими менен балага «президенттей күчтүү, акылдуу, адилеттүү болсун» деп Садыр деген ысым ыйгарылганы белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Милиция таштанды челектен табылган ымыркайдын апасы кармалганын билдирди