Милиция таштанды челектен табылган ымыркайдын апасы кармалганын билдирди

Бишкекте таштанды челекке жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кеткен 21 жаштагы шектүү кармалды. Маалыматты «Клоопко» 11-ноябрда Бишкек шаардык милициясынан тастыкташты.

Ымыркай, 8-ноябрда саат 23:30 чамасында Түштүк-2 кичи районундагы Элебаев көчөсүндө жайгашкан таштанды челектердин биринен табылган.

Бул боюнча Октябрь райондук милициясы «Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иш козгоп, тиешелүү экспертиза дайындаган.

21 жаштагы шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланып жатат.

Ал эми ымыркай №1 төрөт үйүнө которулганы айтылды — учурда наристенин абалы туруктуу деп бааланууда.

Аталган төрөт үйүнүн жамаатынын чечими менен балага Садыр деген ысым ыйгарылганы белгилүү болду. Маалыматта «президенттей күчтүү, акылдуу, адилеттүү болсун» деп ушул ысым берилгени айтылат.

Балага карата зордук-зомбулук

Кыргызстанда жашы жете электерге карата зордук-зомбулук көп жылдан бери олуттуу көйгөй болуп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга зомбулук көрсөтүлгөн учурлар жылдан жылга өсүп жатканын билдирген.

Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда сиз «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот.

Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт. Алар сизге кеңеш берип, психологиялык колдоо көрсөтө алышат. Эгер сизге укук коргоо органдарынын жардамы керек болсо, кайрылууңуз аларга жөнөтүлөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Таштанды челектен табылган ымыркай №1 төрөт үйүнө өткөрүлүп берилди

Бишкек: 2 жашар наристенин өлүмүнө шектелип апасы жана чет элдик жаран кармалды