Минкаб: Өлкөдөгү ооруканаларды дары-дармек менен «Кыргызфармация» ишканасы камсыздайт

Мындан ары мамлекеттик «Кыргызфармация» ишканасы өлкөдөгү саламаттык сактоо уюмдарын дары-дармек менен камсыздайт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Билдирүүдө минкаб өлкөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык бейтапкана менен ооруканаларга медициналык каражатты жеткирүү боюнча борборлоштурулган тармак түзгөнү айтылат.

Буга чейин, июнь айында «Кыргызфармация» ишканасына дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алуу максатында 1 млрд сом бөлүнгөн.

Мамлекеттик ишкана үстүбүздөгү жылдын март айынын аягында түзүлгөн. Анда дары-дармекти компаниялардан түз сатып алууга жол ачылары айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Финансы министрлиги «Кыргызфармацияга» 1 млрд сом бөлдү