Президент УКМКнын төрагасы Ташиевдин коопсуздугун күчөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин коопсуздук чараларын күчөттү. Бул тууралуу 18-ноябрда Ташиевге таандык «Регион Тв» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов билдирди.

Мындай чечимге соңку убакта атайын кызмат тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго, коррупцияга жана экстремизге каршы жүргүзүлүп жаткан атайын операциялар себеп болгону айтылат.

Бул маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзөв да «Азаттыкка» тастыктап, Ташиевди кайтаруу дагы да күчөтүлгөнүн белгиледи.

4-октябрда Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири Камчы Көлбаев кармоо операциясы учурунда УКМК тарабынан жок кылынган.

Көлбаевдин өлүмүнөн кийин Ташиев кылмыштуу топтор тууралуу бир нече ирет билдирүүлөрдү жасап, «мындан ары өлкөдө кримчөйрө деген түшүнүк болбойт» деп билдирген.

Ал эми кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрү кримчөйрөдөн баш тартканын айтып билдирүү жасаса, аларга тиешеси бар делген айрым ири бизнесмендер, мамлекеттик кызматкерлер кармалган.

Ошондой эле Көлбаев менен коррупция боюнча күнөөсүн мойнуна алган экс-бажычы Райымбек Матраимовго байланышы бар мамлекеттик кызматкерлер аныкталып, иштен алынганы айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ташиев: Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар 225 мамлекеттик кызматкер аныкталды

«Матраимов “Матиз” минип жүрсүн». Ташиев маморгандарда «мафиядан тазалоо» жүрүп жатканын айтты