Арча-Бешикте наристени таштап кетүүгө шектүү үй камагына чыкты. Иш акыйкатчынын көзөмөлүндө

Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда табылган ымыркайды таштоого шектелип кармалган 20 жаштагы келин үй камагына чыкты. Ишти акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өз көзөмөлүнө алды

Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, Жаманбаева ымыркай табылганда дароо институттун кызматкерлерине баланын укуктарын коргоону тапшырган. 

Институттун кызматкерлери төрөтканага барып ымыркайдан кабар алышты. Анда башкы дарыгер, 19-ноябрда саат 23:05 чамасында милиция кызматкерлери жаңы төрөлгөн ымыркайды «катуу үшүп» калган абалда алып келишкенин билдирди. 

«Ымыркайга бронхопневмония диагнозу коюлган. Ал азыр жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө, дарылоо программасына антибиотиктер киргизилди. Институттун кызматкерлери оорукананын башкы врачы менен дайыма байланышта болуп жатышат», — деп айтылат маалыматта.

20-21-ноябрда институттун кызматкерлери баланын энеси менен сүйлөшүү үчүн Ленин райондук милиция бөлүмүнө барган. Шектүү төрөт үй шартында өткөнүн, анын боюнча бар экенин ата-энеси билбегенин айткан. Ошодой эле баланын атасы түрмөдө экенин кошумчалаган. 

Шектүү убактылуу кармоочу жайда ага аялдардын гигиенасына керектүү бардык нерселер берилгенин, дарыгердин кароосунан өтүп, керектүү медициналык процедуралар жасалганын билдирди.

Акыйкатчы институтунан аялга мамлекеттик укук коргоочу жалданганын белгилешти. 

Буга чейин, 20-ноябрда Бишкектин Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине жакын жерден баштыкка оролгон кутудан жаңы төрөлгөн ымыркай табылганы айтылган. Милиция кызматерлери маалымат түшөөр замат окуя болгон жерге барып, ымыркайды табышкан. Дароо наристени төрөт үйүнүн дарыгерлерине өткөрүп беришкен. 

Бул факты райондук милицияга каттоого алынып, шектүү катары Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну кармалган. Ага «Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүгө аракет кылуусу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, Ленин РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте көчөгө ташталган дагы бир ымыркай табылып, 20 жаштагы шектүү кармалды

Жалал-Абадда таштанды таштоочу жайдан ымыркай табылып, 18 жаштагы шектүү кармалды