Бишкекте көчөгө ташталган дагы бир ымыркай табылып, 20 жаштагы шектүү кармалды

Бишкектин Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине жакын жерден баштыкка оролгон кутудан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу «Клоопко» 20-ноябрда Ленин райондук милициясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бул тууралуу билдирүү милицияга 19-ноябрда саат 22:45 чамасында келип түшкөн. Жерине барган кызматкерлер ымыркайды төрөт үйүнө өткөрүп беришкен. Наристе дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Бул факты райондук милицияга каттоого алынып, шектүү катары Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну кармалда. Ал тергөө бөлүмүнө жеткирилип, териштирүү иштери жүрүүдө.

Буга чейин Бишкектин Түштүк-2 кичи районундагы Элебаев көчөсүндө жайгашкан таштанды челектен жаңы төрөлгөн ымыркай табылган. Көп өтпөй 21 жаштагы шектүү кармалган. Ал кийин тил каттын негизинде бошотулган.

Укук коргоочу, «Балдардын укугун коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова ташталган баланын атасы да жоопкерчиликке тартылышы керектигин айткан.

«Азыр коом энени гана күнөөлөп, жаман сөздөрдү айтып, жазып, окуяны талкуулап атат. Бирок алардын бири да ошо баланы жасаган ата тууралуу айткан жок. Кана атасы? Ал ким? Балким ал байкуш кызды күчкө салып зордуктап койгон? Балким ал кызды алдаган? Эмне үчүн биз бул тууралуу унчукпайбыз? Эмнеге милиция бир гана энесин таап, аны жазага тартышы керек?» — деген ал.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баласын таштандыга калтырууга шектелген аял тил каттын негизинде бошотулду

Таштанды челектен табылган ымыркайдын энеси эки айга камакка алынды