KG Group курулуш компаниясынын ээси Ташовдун бөгөт чарасы 15-январга чейин узартылды

Мамлекетке 52 миллион сом зыян келтирген деген шек менен кармалган KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун бөгөт чарасы 2024-жылдын 15-январына чейин узартылды. Бул тууралуу «Клоопко» 22-ноябрда Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. 

Ташов үстүбүздөгү жылдын октябрь айында УКМК тарабынан кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген

Атайын кызмат Ташовдун компаниясы 280 орундуу бала бакча салынат деп алган муниципалдык жерге 2 көп кабаттуу үй куруп сатып жибергенин билдирген. Анын кесепетинен мамлекетке 52 миллион сом зыян келтирилген. 

Коопсуздук комитети «Бишкек башкы архитектура» жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу жана кызмат адамдары «мыйзамсыз киреше алуу максатында» курулуш компаниянын жетекчилиги менен өз ара келишип алып, бул кадамга барышканын кошумчалаган. 

«Бул адамдар белгиленген максатты бузуу менен архитектуралык-пландоо шарттарын иштеп чыгышып, жана инженердик-техникалык шарттарды жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 12 кабаттуу турак жайдын курулушуна карап, техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболорун жүргүзгөн.  Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында курулуш компания мыйзамсыз түрдө 2 көп кабаттуу үй куруп, аны сатып жиберишип, Бишкек шаарынын жакынкы райондорунун жашоочулары шаарда жетишсиз болгон бала бакчадан ажыратылган», — деп билдирген УКМК.

Жыл башынан бери бир катар курулуш компанияларынын жетекчилери ар кандай кылмыштарга шектелип кармалган. Алардын арасында «Авангард», «Эмаком», «Астра Плюс» курулуш компанияларынын жетекчилери бар.    

ТЕМА БОЮНЧА:

«Авангард стиль» курулуш компаниясынын башчысы 4-ноябрга чейин камакка алынды

«Эмаком» курулуш компаниясынын директору алдамчылыкка шектелип кармалды