УКМК: УКТга тиешеси бар бир нече киши кылмыш дүйнөсүнөн баш тартты

25-ноябрда УКМК «Женго» каймана аттуу кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, Кызыл-Кыя шаарынын «положенеци» Гүлжигит Малабаев кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, ал ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана баңгизатты мыйзамсыз сактоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түштү.

Учурда ал Ош шаарындагы №25 тергөө абагында, териштирүү иштери уланууда.

Атайын кызматтан бир нече адамды мыйзамсыз аракеттерден жана кылмыштуу топтордон баш тарттыруу боюнча иштер жүргүзүлгөнүн кошумчалашты.

Алардын арасында «Хасан ата жана прокурор» каймана аты бар Ильяскожо Ажибаев, «Женгонун» кылмыштуу тобунун мүчөсү катары милицияда каттоодо турган Равшанбек Абдырахманов, Асланбек Рахманкулов жана Ильяз Саидбаев бар.

4-октябрда Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири Камчы Көлбаев кармоо операциясы учурунда УКМК тарабынан жок кылынган.

Көлбаевдин өлүмүнөн кийин Ташиев кылмыштуу топтор тууралуу бир нече ирет билдирүүлөрдү жасап, «мындан ары өлкөдө кримчөйрө деген түшүнүк болбойт» деп билдирген.

Ал эми кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрү кримчөйрөдөн баш тартканын айтып билдирүү жасаса, 40тан ашыгы кармалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ташиев: Женго криминалдык ишин улантып жатат. Аны токтотконго болгон күчүмдү жумшайм