Интернатта ур-токмоктон каза тапкан Якуниндин агасы тергөөчүнүн аракетсиздигине арызданды

Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө каза тапкан 12 жаштагы Игорь Якуниндин агасы Богдан Якунин Чүй облусунун Аламүдүн райондук тергөө кызматынын аракетсиздигине даттанып прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу Kaktus.media маркумдун устаты Пётр Абраменко билдирди

Документте Богдан тергөөчү документтерди көрсөтүүдөн баш тартып жаткандыктан бүгүнкү күнгө чейин иштин материалдары менен тааныша албай жатканы айтылат. Болбосо маркумдун агасы Воненно-Антоновкадагы балдар үйүнүн директору Аскар Масыловго карата «Шалаакылык» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдары менен таанышуу үчүн 13-ноябрда эле тергөө кызматына өтүнүч келтирген. Иш сотко өтүшү керек болчу. 

Мыйзамга ылайык, тергөө кызматы келтирилген өтүнүчкө үч жумушчу күндүн аралыгында жооп бериши керек болчу, бирок Богдандын айтымында, мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөт өтүп, дале жыйынтык болбой жатат.  

Буга чейин эки инстанциянын соту тергөөчүнүн балдар үйүнүн директоруна карата «Шалаакылык» боюнча кылмыш ишин кыскартканын мыйзамсыз деп тапкан.  

«Учурда мен өзүм да, адвокатым Туманов К.Т да аталган кылмыш иши өндүрүштүн кайсы баскычында турганы, тергөөнү жыйынтыгы кандай экени беймаалым. Андыктан мен менин жабырлануучу катары укугум ачыктан-ачык эле бузулуп жатат деп эсептейм. Чүй облусунун Аламүдүн райондук Тергөө кызматынын тергөөчүсү Жыргалбеков Т.Ж сотко чейинки бул өндүрүштү ар кандай кылып чоюп, создуктуруп, аракетсиздик кылып жатат, биздин чалууларды албай, байланышка чыкпай жатат», — деп айтылат Богдандын арызында. 

Маркумдун устаты Пётр Абраменко Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту тергөөчүнүн аракетсиздигин август айында эле мыйзамсыз деп таап, бузууну жоюуга милдеттендиргенин билдирди. «Бирок андан бери эч нерсе өзгөргөн жок», — дейт ал.  

Игорь Якуниндин өлүмү

Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якунин 2021-жылдын июнунда ошол эле мекемеде тарбияланган 2005-жылкы Ж.Д. аттуу баланын ур-токмогунан каза тапкан. Экспертиза баланын өлүмүнө көкүрөк тушуна тийген оор соккудан улам жүрөгү рефлектордук токтоп калгандыктан каза тапканын аныктаган.

Якуниндин сабаган өспүрүм Жазык кодексинин «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси менен күнөөлүү табылган. Ал үч жылга жалпы тартиптеги колонияга кесилген, бирок андан кийин өкүм бир жылдык пробациялык көзөмөлгө алмаштырылган.

Ошондой эле интернаттын директору Аскар Масыловго «Шалаакылык» беренеси менен кылмыш киши козголуп, кийинчерээк кайра кыскартылган. Болбосо баланын өлүмүнө байланыштуу иш президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө болчу.

Маркумдун агасы Богдан Якунин президент Садыр Жапаровго кайрылып,  балдар үйүнүн директору инисин өлгүчө сабаган улуу класстын тарбиялануучусун калкалап, ишти жаптырууга аракет кылууда деп арызданган.

Анын айтымында, балдар үйүнүн директору тарбиялануучуларды чогултуп, бул окуя тууралуу ооз ачпагыла деп тапшырма берген. Андан тышкары, Богдандын айтымында, директор өспүрүм уулануудан каза болду деген версияны жаратууга аракет кылганын айткан. 

Ал эми 2022-жылдын августунда Бишкек шаардык соту тергөөчүнүн балдар үйүнүн директоруна козголгон кылмыш ишти кыскарткан чечимин мыйзамсыз деп тапкан. Ага чейин Аламүдүн райондук соту Богдандын Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасынын аракетсиздигине карата арызын канааттандырган.