Интернатта тарбияланган Игорь Якуниндин өлүмү боюнча иш мыйзамсыз кыскартылган деп табылды

Бишкек шаардык сотунун коллегиясы Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө тарбияланган 13 жаштагы Игорь Якуниндин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишин кыскартуу тууралуу чечимин 8-августта мыйзамсыз деп тапты. Ишти кыскартуу чечимин Чүй ОИИБнин өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү кылмыштын курамы жоктугунан улам чыгарган.

«Балдардын укугун коргоо лигасынын» башчысы Назгүл Турдубекованын айтымында, тергөөчүнүн чечимине даттануу болгондон кийин Чүй облустук прокуратурасы Бишкек шаардык сотуна тергөөчүнүн «балдар үйүнүн окуучусунун өлүмүнө жетекчилик күнөөлүү эмес деп эсептеп, ишти кыскартканы туура эле болгон» деп айтылган аныктама жазып берген.

Натыйжада сот жактоочу тарапты колдоого алган. Соттун басма сөз кызматынан тергөөчү Жазык-процессуалдык кодексинин талабын бузганын, ага ылайык, ал «иштин жагдайлары толук, бейтарап жана ар тараптуу изилдениши үчүн бардык каралган чараларды көрүүгө милдеттүү болчу экенин» белгиледи. Соттун чечиминде иште карама-каршылыктар бар экенин да айтылат.

Учурда жабыркаган тараптын адвокаты Чүй ОИИБдин тергөөсүнө ишенбестик көрсөтүп, ишти ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүүнү суранып жатат.

Игорь Якунинге эмне болду эле?

Өспүрүм каза тапканы тууралуу кабар 1-июнда тараган. Анда милицияга Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө 6-класстын окучусу Игорь Якунин уктоо бөлмөсүнөн эч учун жоготуп, эсине келбей каза тапканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бала ооруканага жеткирилип, ошол жактан каза болгонун тастыкташкан.

Игорь Якунин.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, балдар уктоочу бөлмөдө монополия ойноп жатышкан. Игорь өйдө туруп, бир-эки кадам шилтеп эле эс-учун билбей кулап калган. Ведомство эч кандай мушташ болгон эмес деп ишендирген.

Бирок маркумдун агасы Богдан Якунин тергөөгө Игорь жогорку класстын окуучусунунун ур-токмогунан каза тапканын билдирген. Анда Чүй ОИИБи каза тапкан баланын денесин кароо учурунда уруп-согуунун белгилери болгон эмес деп белгилешкен.

«Игорду көкүрөк тушка беш жолу чабышкан, акыркысы жүрөк тушка тийген күчтүү сокку болгон. Бала бурулуп, үч кадам аттагандан кийин дароо кулап түшкөн. Анын бүткөн бою калтырап, дем жетпей, заара ушатып койгон», — деп айтып берген агасы Богдан Якунин.

Кийин ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, инисинин өлүмүнө байланыштуу ишти жеке көзөмөлүнө алуусун суранып, балдар үйүнүн директорун инисин «өлгүчө сабаган улуу класстын тарбиялануучусун калкалап, ишти жаптырууга аракет кылууда» деп айыптаган.

Окуядан үч апта өткөн соң Якуниндин ишин президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын билдирген. Ал эми Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова Билим берүү министрлигине өспүрүм каза тапкан интернаттын директорун жумуштан бошотуп, башка кызматкерлердин жоопкерчилигин кароону сунуштаган.

Июндун аягында милиция өспүрүм балдар үйүндө ур-токмоктон каза болгонун моюндаган. Ага утурлай Чүй ОИИБи иштин беренесин «Адамдын өлүмүнө алып барган ден соолукка оор зыян келтирүү» беренесине өзгөрткөн. Бул чечим соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде кабыл алынган.

Сентябрдын аягында милиция Игорь Якунин көкүрөк тушуна тийген оор соккудан улам жүрөгү рефлектордук токтоп калгандыктан каза тапканын билдирген.