Игорь Якуниндин өлүмү: Айыпталуучу бир жыл пробациялык көзөмөлдө болот

Сокулук райондук сотунун чечими менен, балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмүнө айыпталган өспүрүмдү бир жылга пробациялык көзөмөлдө болот. Бул тууралуу Kaktus.media каза болгон өспүрүмдүн насаатчысы Пётр Абраменкого таянып жазды.

Абраменконун айтымында, прокурор айыпталуучуну 10 жылга эркинен ажыратууну сураган, бирок сот үч жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарып, бирок айыпталуучу кылмыш болгон учурда жашы жете элек болгонун эске алып, бир жылдык пробациялык жаза мөөнөтүнө алмаштырган.

Жыйынтыгында айыпталуучу этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүүгө күнөөлүү деп табылган.

«Айыпталуучу күнөөнү мойнуна алган жок. Биз өкүмдүн үстүнөн даттануу жазып кайрылабыз. [Бул] өтө эле жеңил жаза», — деди Абраменко.

Ал ошондой эле балдар үйүнүн директоруна карата козголгон кылмыш иши токтоп турганын айтты.

Игорь Якуниндин өлүмү

Өспүрүм каза тапканы тууралуу кабар 1-июнда тараган. Анда милицияга Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө 6-класстын окучусу Игорь Якунин уктоо бөлмөсүнөн эч учун жоготуп, эсине келбей каза тапканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бала ооруканага жеткирилип, ошол жактан каза болгонун тастыкташкан.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, балдар уктоочу бөлмөдө монополия ойноп жатышкан. Игорь өйдө туруп, бир-эки кадам шилтеп эле эс-учун билбей кулап калган. Ведомство эч кандай мушташ болгон эмес деп ишендирген.

Бирок маркумдун агасы Богдан Якунин тергөөгө Игорь жогорку класстын окуучусунунун ур-токмогунан каза тапканын билдирген. Анда Чүй ОИИБи каза тапкан баланын денесин кароо учурунда уруп-согуунун белгилери болгон эмес деп белгилешкен.

«Игорду көкүрөк тушка беш жолу чабышкан, акыркысы жүрөк тушка тийген күчтүү сокку болгон. Бала бурулуп, үч кадам аттагандан кийин дароо кулап түшкөн. Анын бүткөн бою калтырап, дем жетпей, заара ушатып койгон», — деп айтып берген агасы Богдан Якунин.

Кийин ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, инисинин өлүмүнө байланыштуу ишти жеке көзөмөлүнө алуусун суранып, балдар үйүнүн директорун инисин «өлгүчө сабаган улуу класстын тарбиялануучусун калкалап, ишти жаптырууга аракет кылууда» деп айыптаган.

Окуядан үч апта өткөн соң Якуниндин ишин президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын билдирген. Ал эми Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова Билим берүү министрлигине өспүрүм каза тапкан интернаттын директорун жумуштан бошотуп, башка кызматкерлердин жоопкерчилигин кароону сунуштаган.

Июндун аягында милиция өспүрүм балдар үйүндө ур-токмоктон каза болгонун моюндаган. Ага утурлай Чүй ОИИБи иштин беренесин «Адамдын өлүмүнө алып барган ден соолукка оор зыян келтирүү» беренесине өзгөрткөн. Бул чечим соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде кабыл алынган.

Сентябрдын аягында милиция Игорь Якунин көкүрөк тушуна тийген оор соккудан улам жүрөгү рефлектордук токтоп калгандыктан каза тапканын билдирген.