Баткен: Самаркандек айылында 75 орундуу оорукананын курулушу аяктады

Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Самаркандек айылында 100 млн 56 миң сомго курулган оорукана жакында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу «Клоопко» 30-ноябрда Баткен облустук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оорукана 75 орунга ылайыкталып, анын курулушу Президенттин фонду тарабынан каржыланган. Учурда оорукана керектүү эмеректер менен камсыздалды.

Баткен райондук администрациясынын маалыматына ылайык, Самаркандек айыл аймагында 15 миң калк жашайт.

Буга чейин, Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы беш жыл мурда башталып, кийин курулушу токтоп калган оорукананын имараты 31-агустта тапшырылары айтылган. Имараттын курулушуна мамлекеттик бюджеттен 58 млн сом бөлүнүп, аны Финансы министрлиги каржылаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Үч-Коргон айылындагы 5 жылдан бери бүтпөгөн оорукананын курулушу быйыл аяктайт