Ташиев эртеңкиге чейин интим-кызмат көрсөткөн жайлардын баарын жабууну тапшырды

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 1-декабрдан (тагыраагы эртеңден) баштап Кыргызстандын аймагында бир дагы интим кызмат көрсөткөн түйүн болбой турганын билдирди. Бул билдирүүнү Ташиев бүгүн 30-ноябрда УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча Балыкчы шаардык башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышында жасады.

Атайын кызматтын башчысы учурда УКМКнын кызматкерлери үчүн «жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн ар кандай оюн-зоок жайларын, мончо комплекстерин жана сойкуканаларды уюштуруудагы мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн көзөмөл жүргүзүү» артыкчылыктуу милдет болуп турганын айтты.

«Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине 2023-жылдын 1-декабрына чейин республика боюнча мындай мекемелердин ишин токтотуу тапшырмасы берилди. Өз учурунда УКМКга аталган мекемелердин иши уланып жатканы тууралуу маалымат келип түшсө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилери ээлеген кызматтарынан четтетилет», — деп келтирди Ташиевдин айткандарын УКМКнын басма сөз кызматы.

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев интимдик кызмат көрсөткөн жерлерде «иштегендердин» көбү студент кыздар экенин жана муну менен күрөшүү керектигин билдирген. Ташиев УКМК кызматкерлерин акыркы убактарда «кыздар бузулуп кеткенин» айтып, сойкулукка көңүл бурууга чакырган.

УКМК 28-ноябрда атайын кызмат 25-26-ноябрь күндөрү «интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканалардын тармагын» аныктап, алардын ишине бөгөт коюлганын билдирген. Аны менен бирге УКМК, атайын кызматтын маалыматы боюнча, сойкулукка тартылган ондогон аялдын сүрөтүн, паспорттогу жеке маалыматтарын, алардын кээ биринин даректерин жана ата-энелеринин ысымдарын жарыялаган. Коопсуздук комитети муну «профилактика» деп атаган.     

Бирок, укук когоргоочулар менен юристтердин пикиринде, атайын секс-кызматкерлерди жана алардын туугандардын коркунучка кептеген. УКМКнын аракетин Акыйкатчы институту дагы айыптап, мамлекеттик органдарды секс-кызматкерлердин укуктарынын корголушун камсыздоого, ошондой эле «алардын жүзүн көрсөтпөөгө жана жеке маалыматтарын ачыкка чыгарбоого» чакырган, себеп дегенде бул «алардын мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарын бузарын» эскерткен.

Тема боюнча:

УКМК секс-кызматкерлерди алардын жеке маалыматын жарыялап «уяткарды». Бул эмне үчүн туура эмес?