УКМК: Лейлек районунда жалпы 1 млн 870 миң сомдук аткез жүк кармалды

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Арка айылында жалпы 1 млн 870 сомдон ашык суммадагы аткез жүк жүктөгөн эки айдоочу кармалды. Бул тууралуу 30-ноябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылы 16-ноябрда Арка айылында жайгашкан кампада чет мамлекеттин номуру тагылган Hyundai Porter унаасынан 870 миң сомдон ашык суммадагы кондитердик азыктар аныкталган. Бул ишке байланыштуу 31 жаштагы кыргызстандык жаран кармалды.

Аны менен катар, 21-ноябрда аталган айылдагы жеке үйлөрдүн биринен Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү чет элдик мамлекеттик номурлуу унаадан 1 млн сомдон ашуун суммадагы эл керектөөчү товарлардын аткез жүгү кармалды. 

Аталган фактылардын негизинде кылмыш иши козголуп, иштин жагдайларын жана ага тиешеси бар тургундарды аныктоо боюнча иликтөө иштери башталды. 

Буга чейин, 28-октябрда кыргыз-тажик чек арасындагы «Кыргызстан» соода түйүнүнүн кампа жайынан тиешелүү документтери жок бир топ көлөмдөгү эл керектөөчү товарлар жана медициналык препараттар табылган. Атайын кызмат бул ишке байланыштуу текшерүү иштерин баштаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик менен дары-дармек ташыгандар аныкталды

Ош: Бажы кызматкерлери жана ишкерлер аткезчилик жол менен системалуу түрдө товар ташыганы аныкталды