Ош: Мейманкана жашыруун интимдик кызмат көрсөткөн жай экени аныкталды

Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө жайгашкан кафенин жер төлөсүндөгү мейманкана интимдик кызмат көрсөтүүчү жай экени аныкталды. Бул тууралуу 2-декабрда Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Аталган жайды уюштурууга шектелген кишиге кылмыш иши козголду. Ал эми ал жерде иштеген 24, 26, 29 жана 32 жаштагы төрт кыз профилактикалык иш жүргүзүү үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Милициядан Ош шаарында интимдик кызмат көрсөткөн жайларды аныктоо боюнча рейд уланып жатканын кошумчалашты.

30-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекилерине, кук коргоо органдарына 1-декабрга чейин «интим кызмат» көрсөткөн жайларды жабууну тапшырган.

Ал кайсыл аймакта мындай жайлар табылса, ошол жердин жергиликтүү бийлик башчылары жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери дароо кызматтан алынарын эскерткен.

Ошондон бери өлкөнүн бардык аймагында интимдик кызмат көрсөткөн жайларды аныктоо боюнча рейд жүрүп, сауна, мейманкана жана ижарадагы батирлер текшерилүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК секс-кызматкерлерди алардын жеке маалыматын жарыялап «уяткарды». Бул эмне үчүн туура эмес?

Бишкек: Өспүрүмдөр интимдик кызмат көрсөтүп жүргөнү аныкталып, 36 жаштагы шектүү кармалды