Бишкектеги ыш: Мэрия Жаңы жылда салют аттыруудан баш тартты

Бишкек мэриясы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин демилгеси менен Жаңы жылдык фейерверктен баш тартты. Бул тууралуу 2-декабрда экология министрлигинен кабарлашты.

Мындай чечим борбор калаадагы ыш менен күрөшүү жана бюджеттик каражатты үнөмдөө максатында кабыл алынганы айтылат.

Мэрия 2020-2021-жылдары экологиялык абалга жана коронавирус пандемиясына байланыштуу Жаңы жылга карата салют аттыруудан баш тарткан.

Анда аткаминерлер салютка делген каражатты башка муктаждыктарга, мисалы, аз камсыз үй-бүлөлөрдөгү майыптыгы бар балдардын белек-бечкегине жумшаган.

Ал эми былтыр Жаңы жылдагы «фейерверк көрсөтмөнү» өткөрүүгө 900 миң сомго тендер жарыяланып, 755 миң сом сарпталган.

Movegreen эко уюмунун активисттери салют абанын булгануусун күчөтөрүн айтып, каршы чыгышкан. Бирок андан майнап чыккан эмес.

Акыркы бир нече жылдан бери Бишкек кышкысын абасы өтө булганган шаарлардын дүйнөлүк рейтингинен түшпөй келет. Бийликтин көптөгөн убадасына, ышка каршы күрөшүү боюнча жумушчу топтордун ишине карабай борбор калаадагы абанын сапатына байланыштуу жагдай өзгөрө элек.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкектеги ыш: Мэрия жаңы жылдык салютка 900 миң сом короткусу келет

Бишкектеги ыш: Экоактивистер Жаңы жылда салют аттырууга каршы