Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Жоробеков милиция менен УКМКга баарлашууга кирип чыкты

Афтандил Жоробеков. Сүрөт активисттин фейсбук барагынан алынды.

Активист Афтандил Жоробеков Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы менен УКМКга баарлашууга кирип чыкты. Бул тууралуу ал 2-декабрда фейсбук барагына жазды.

Анын айтымында, милиция 3-декабрда белгиленген «Туудан колуңду тарт» акциясына байланыштуу сүйлөшүүгө чакырган.

«Элдин 99%ы тууну өзгөртүүгө каршы. Аягына чейин турам. Ош, Жалал-Абад, Каракол жана башка шаарлардан тууну өгөртүүгө каршы митингге чыгууга даяр экенинин айтып жазып жатышат. [...] Желек өзгөрбөйт. Желек өзгөрсүн деп макул болгон 66 депутатты саткын деген атка кондурабыз», — деди ал.

Жоробеков милицияга сурак берип чыккан соң аны УКМК кызматкерлери алып кетип, дээрлик бир саттан кийин коё беришкенин билдирди.

Анын айтымында, атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгында баарлашуу тууну өзгөртүүгө каршы борбор калаанын Максим Горький атындагы гүлбагында 9-декабрда өтөт делген чогулуш тууралуу болгон.

Азырынча милиция дагы, УКМК дагы Афтандил Жоробековдун «баарлашууга» чакырылганы боюнча маалымат бере элек.

Тууну өзгөртүү демилгеси

Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапкан. Тууну өзгөртүүгө 66 депутат макулдугун берсе, сегиз эл өкүлү каршы болгон.

Айрым эл өкүлдөрү «аталган чечимди кабыл албай, маселе референдумга коюлушу керектигин» айткан. Ал эми Мирлан Самыйкожо тууну өзгөртүү боюнча анын ордуна башка бирөө «макул» деп добуш берип койгонун айтып чыккан. 

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — парламеттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов. Алар туудагы күн нурунун формасын жана түндүктөгү чамгарактарды төрткө чейин көбөйтүүнү сунушташууда.

Тууну өзгөртүү демилгесин президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да колдогон. Бирок, соцтүйүндүн колдонуучулары бул демилгеге каршы болуп, #тууөзгөртүлбөсүн деген флешмоб башташкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Эч кимдин көзүн карабай, жаркырап өнүгөбүз». Президент тууну өзгөртүү демилгесин колдоду